Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Мамдума «YouTube», «Facebook» жана «Twitter» түйүндөрүн бөгөттөөнү сунуш кылды


Телефондогу социалдык түйүндөр. Иллюстрациялык сүрөт.
Телефондогу социалдык түйүндөр. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик Дума орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) материалдарын чектегени үчүн социалдык түйүндөрдү жана башка сервистерди бөгөттөөнү камтыган мыйзам долбоорун карайт. Документти парламенттин эки палатасынын депутаттар тобу 19-ноябрда киргизди.

Мыйзамдын авторлору бул орусиялык мамлекеттик медиалардын аккаунттары желелерде көзөмөлгө алынганына жооп иретиндеги чара экенин түшүндүрүшүүдө.

Мыйзам долбоорунда Орусия жаранынын укугун жана эркиндигин бузууга жооптуу маалымат ресурсунун макамы киргизилип жатат. Интернет-сайт аны бузганы такталса Тышкы иштер министрлиги, Роскомнадзордун макулдугу менен Башкы прокуратура сайтты толук же жарым-жартылай жабышы мүмкүн.

Документтин негиздемесинде, депутаттарга RT, «РИА Новости» жана «Крым 24» сыяктуу орусиялык басылмалар кабылган «кеминде 20 чакты кодулоо фактысы» белгилүү экени баяндалат. Авторлор муну цензура деп аташкан.

Мурдараак Роскомнадзор «YouTube», «Facebook» жана «Twitter» социалдык түйүндөрүндө орусиялык басылмаларга жалпы эрежелер колдонулуп жатканын сындаган. Мекеме «Россия-1» телеканалынын Бесландагы мектептин басып алынышы жөнүндөгү фильми «YouTube» порталында курактык чек коюлганын цензура деп баалаган. Мындан сырткары сервисте жайгашкан видеолорго атайын белги жана эскертүү коюлганын айыптаган. «Facebook», «Google» жана «Twitter» компанияларынын дарегине орусиялык ЖМКларга карата белги коюуну токтотуу тууралуу талапты бир нече жолу жөнөткөн.

Социалдык түйүндөргө ээлик кылган компаниялар беш мамлекеттин, анын ичинде АКШнын, Кытайдын, Украинанын жана Орусиянын мамлекеттик медиаларынын, алардын жетекчилерине таандык аккаунттардын алдына алар мамлекеттен каржыланарын өзүнчө бөлүп көрсөтө баштаган. «YouTube» болсо орусиялык журналист Владимир Соловьёвдун «Соловьёв LIVE» тренддер баракчасына чыгарууга чектөө койгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG