Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:12

Тажикстанда жаңы жылдык салтанаттар өткөрүлбөйт


Дүйшөмбү шаарында мурдагы жылдарда орнотулган жаңы жылдык балаты.
Дүйшөмбү шаарында мурдагы жылдарда орнотулган жаңы жылдык балаты.

Тажикстанда жаңы жыл майрамына карата салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынды. «Азаттыктын» тажик кызматы кабарлагандай, Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб ушундай чечим чыгарган.

Адистер муну дүйнөнүн көп мамлекеттеринде COVID-19 илдетинин экинчи толкуну башталганы, экономикалык жана каржылык кризис күчөп, жумушсуздук көбөйгөнү менен негиздешти.

Коомдук жайларда сейилдөөгө чыккандарга беткап тагынып, бир жарым-эки метр аралык сактоонун зарылдыгы такай эскертилүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, 19-ноябрга карата Тажикстанда коронавируска чалдыккандар 11 772 адамга жетти. Алардын 86сы каза болуп, 11 148и сакайган.

XS
SM
MD
LG