Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Кыргызстанда эт өндүрүү акыркы он айда арбыды


Бишкектин Ош базарындагы эт павильону.
Бишкектин Ош базарындагы эт павильону.

2020-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда малдын жана тооктун эти жалпы алганда (союла турган мал жана канаттуулар тирүү салмагында) 338 миң 289 тонна өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети баштапкы эсебин чыгаргандан кийин кабарлады.

Мекеме билдиргендей, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 333 миң 336 тонна эт өндүрүлгөн. Быйыл он айдагы көрсөткүч мындан 5 миң тоннага көптүк кылат.

Улуттук статистика комитети ноябрга чейин сыртка канча эт жана тирүү мал сатылганын тактай элек.

Кыргызстанда эт жай айларынан баштап кымбаттай баштаган. Алгач уй жана кой эти 350 сомдон 400 сомго чейин чыкса, айрым жерлерде баа андан да көтөрүлгөн. Статистика комитетинин эсебинде, ноябрда аймактарда уй эти 410-450 сомдон, кой эти 380-450 сомдон сатылууда.

Баалардын көтөрүлүшү өлкөдө малдын жана эттин экспорту өскөнү менен түшүндүрүлүүдө. Жандыктардын сыртка сатылышы расмий эсепте бир нече эсе көбөйсө, расмий эмес эсеп андан да арбын. Анын ичинде мал негизинен Тажикстанга жана Өзбекстанга жөнөтүлүп жатат.

Бул жагдайга байланыштуу 19-ноябрда Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги социалдык маанилүү товарларды, анын ичинде тирүү малды сыртка экспорттоого убактылуу чектөө киргизүүнү сунуш кылды. Тиешелүү жарлык премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG