Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Ошто белгилүү ишкер Нурбек Осмоновдун фабрикасына 25 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды


Ишкер Нурбек Осмонов өзүнүн «Кыргыз Текстил ЛТД» компаниясынын Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан фабрикасы менен президент Сооронбай Жээнбековду тааныштырып жаткан учуру. 9-сентябрь, 2020-жыл.
Ишкер Нурбек Осмонов өзүнүн «Кыргыз Текстил ЛТД» компаниясынын Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан фабрикасы менен президент Сооронбай Жээнбековду тааныштырып жаткан учуру. 9-сентябрь, 2020-жыл.

«Кыргыз Текстил ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Анда айтылгандай, бул аракет 2020-жылдын 4-сентябрында Ош шаарынын вице-мэринин №233 токтому менен ишке ашкан. Муниципалдык 25 гектар жер аянты 2 млн. 500 миң сомго бааланып, түз сатуу жолу менен аталган фирманын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөн.

Ош шаардык прокуратурасынын жүргүзгөн текшерүүсүндө жогоруда белгиленген жер аянтынын нарктык базар баасы 72 млн. сомду түзөрү аныкталып, айырмасы 69 млн. 500 миң сомго аз көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, бүгүнкү күнгө чейин Ош шаардык мэриясынын бюджетине түз сатып алууда көрсөтүлгөн 2 млн. 500 миң сом төлөнбөстөн туруп, мамлекеттик акты берилгендиги тастыкталган.

Натыйжада, Ош шаардык мэриясынын жоопту кызматкерлери тарабынан мамлекетке өзгөчө ири суммадагы зыян келтирилген.

Факты Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

«Кыргыз текстил ЛТД» ишканасына ишкер Нурбек Осмонов ээлик кылат. Кең-Сайга түшүп жаткан текстил фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен быйыл 9-сентябрда, ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов таанышкан эле. Ишканага 38 млн. доллар инвестиция салынганы, ал толук иштей баштаса 7 миңдей адамды жумуш менен камсыз кылары маалымдалган.

Нурбек Осмонов жана анын бир тууганы Айбек Осмонов ишкерчиликтен сырткары «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрү болуп саналат. Алар быйылкы парламенттик шайлоодо алгач ушул партия менен аттанып, кийин «Ыйман Нуру» партиясына бөлүнүп кетишкен.

«Ыйман Нурунун» лидерлери «Мекеним Кыргызстан» партиясын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тартып алганын, Осмоновдор ошол себептүү жаңы партия түптөгөнүн билдиришкен. Бир туугандар кийин «Ыйман Нуру» партиясы менен да шайлоого барбай калган.

Мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов анын иниси «Мекеним Кыргызстан» партиясын тартып алганын жана Айбек Осмоновдорду коркутканын төгүндөп чыккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG