Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деп шек саналган орус жараны 13 жылга кесилди


Сот жараянынын жүрүшүндө Юрий Ещенко күнөөсүн мойнуна алып, кылганы иши үчүн өкүнөрүн айткан.
Сот жараянынын жүрүшүндө Юрий Ещенко күнөөсүн мойнуна алып, кылганы иши үчүн өкүнөрүн айткан.

Орусиянын Брянск облустук соту Юрий Ещенкону АКШнын пайдасына тыңчылык кылууга аракет кылган деп тапты жана аны 13 жылга эркинен ажыратты. Тергөө материалдарына ылайык, ал Мурманск облусунда 2015-2017-жылдары Түндүк флоттогу кемелердин радиоэлектрондук системаларын оңдогон ишкананын кызматкери болгон. Ошол учурда жашыруун маалыматтарды тымызын көчүрүп алып, АКШга сатууну көздөгөн.

Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, былтыр жыл башында Ещенко АКШнын Башкы чалгын башкармалыгы (ЦРУ) менен байланышууга аракет кылган жана бир канча айдан кийин мамлекеттик сыр деген маалыматты бергени жаткан учурда кармалган.

Сот жараянынын жүрүшүндө Ещенко күнөөсүн мойнуна алып, кылганы иши үчүн өкүнөрүн айткан.

Укук коргоочулардын эсебинде соңку 20 жылда Орусияда мамлекетке чыккынчылык кылган, башка өлкөнүн пайдасына тыңчы болгон деген айып менен 100дөй адам соттолгон.

Быйыл жайында «Коммерсант» жана «Ведомости» басылмаларынын мурдагы кабарчысы, «Роскосмостун» башчысынын кеңешчиси Иван Сафроновго мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып коюлган жана анын окуясы коомчулукта кызуу талаш-талкуу жараткан. Сафронов күнөөсүн мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG