Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Бөрүбашев: Конституция боюнча сын айткандар көп, сунуш бергендер аз болууда


Бекбосун Бөрүбашев, Конституциялык кеңешменин төрагасы.
Бекбосун Бөрүбашев, Конституциялык кеңешменин төрагасы.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча сын айткандар көп, бирок сунушун бергендер аз болууда деп эсептейт.

20-ноябрда кеңешменин алгачкы жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал иш 15-20 күндө жыйынтыкталарын, бардык сунуштар кабыл алынарын айтты:

«Жогорку Кеңеште 17-ноябрда чыккан долбоорду биз жакшыртышыбыз керек. Кемчиликтер болуп жатат, ал долбоорго карата сын-пикирлер айтылууда. Сын-пикирлерди биз туура түшүнүшүбүз керек. Бизде сын айткан көп, бирок сунуш кылган аз. Ошондуктан, кимде-ким сын айтса, ага биз ыраазыбыз».

Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга 17-ноябрда коюлду. Анын демилгечиси катары Жогорку Кеңештин 80 депутаты көрсөтүлдү. Кийин айрым депутаттар демилгечи болуудан баш тартып, кээ бирлери жаңы долбоорду көрбөгөнүн, окубаганын, жазууга катышпаганын билдиришти.

Ал эми Бөрүбашев Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автору ошол 80 депутат экенин, эми Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү да автор болуп каларын айтууда. Бөрүбашевдин билдиргенине караганда жаңы долбоор президенттик башкаруу формасына негизделет.

Бул долбоорго каршы болгон коомдук-саясий күчтөр Конституция өзгөрсө Кыргызстан авторитардык өлкөгө айланат деп кооптонууда. 20-ноябрда Бишкекте бир топ саясатчылар «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген чукул жыйын өткөрүп, жаңы долбоорду кескин сындашты. Бул жыйынга катышкандар конституциялык кеңешменин курамына киргизилген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG