Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:41

Депутат Жапаров: Конституциянын долбоорун президенттин аппараты менен өкмөт иштеп чыкты


Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты.
Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты.

Конституциянын жаңы долбоорун президенттин аппараты менен өкмөт иштеп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, конституциялык кеңешменин мүчөсү Акылбек Жапаров 20-ноябрда билдирди.

Анын сөзүнө караганда, парламенттин депутаттары референдум жөнүндө мыйзамга кол коюп, коомдук талкууга чыгарды. Ал мыйзамдын тиркемеси – бул Конституциянын жаңы долбоору.

Жапаров башка депутаттар үчүн жооп бере албай турганын, өзү мыйзам долбоорун окуп, анан кол коёрун билдирип, «Баш мыйзамдын долбоорунун демилгечилери кимдер?» деген суроого мындайча жооп берди:

«Президенттик администрация, Юстиция министрлиги, өкмөт иштеп чыккан экен. Иштеп чыккандар катары юристтер алып чыкты. Бирок башында, кечээ күнү деле интервьюсу болду, Садыр Нуркожоевич өзүнүн ой-пикирлерин айткан экен. Ошол ой-пикирлер бул Конституцияда бар. Аткаруу бийлигинин башында президент болсун, сот бийлигин көз каранды эмес кылалы деген аракеттер. Анан парламенттин депутаттарын 120 эмес 90 кылалы да 35и жергиликтүү (бир мандаттуу) шайлоолордон өтсүн, калган 55и партиялык тизме менен өтсүн деген».

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришти.

Бүгүн, 20-ноябрда конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жаңы долбоордун авторлору депутаттар экенин айтты.

Долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG