Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Нюрнберг трибуналынын 75 жылдыгы Германияда белгиленүүдө


Нюрнберг сотунун алгачкы отуруму 1945-жылы 20-ноябрда дал ушул имараттын 600-сот залында өз ишин баштаган. Нюрнберг, Германия. 2020-жылдын 20-февралы.
Нюрнберг сотунун алгачкы отуруму 1945-жылы 20-ноябрда дал ушул имараттын 600-сот залында өз ишин баштаган. Нюрнберг, Германия. 2020-жылдын 20-февралы.

Германия айтылуу Нюрнберг сотунун башталышынын 75 жылдык мааракесин белгилеп жатат. 1945-жылы германдык нацизмдин үстүнөн жеңишке жетишкен антифашисттик ынтымакка кирген күчтөр уюштурган бул соттун жүрүшүндө нацисттик режимдин жогорку төбөлдөрү соттолгон. Бул эл аралык сот отурумдарынын алгачкы айлампасы 1945-жылы 20-ноябрда Нюрнберг шаарында башталган болчу.

Коронавирустун коркунучунан айынан азыраак киши катышкан мааракелик иш-чара 20-ноябрда Нюрнбергдин "Адилеттик сарайында" тарыхый отурум башталган чакан залда (600-сот залында) өткөрүлөт. Бул иш-чара маалында герман президенти Франк-Вальтер Штайнмайер чыгып сүйлөйт жана бул сотко катышкан айрым күбөлөрдүн, азыркы саясатчылардын жана адистердин сөздөрү видео тасма аркылуу жарыяланат.

Нюрнберг соту өз кылмыштары үчүн кайсы бир мамлекеттин жетекчилери эл аралык сот жообуна тартылган адамзат тарыхындагы алгачкы өрнөк болуп калды. Шериктештер - АКШ, СССР, Улуу Британия жана Франциянын өкүлдөрү сот жообуна тартылып жаткан нацисттерди ачык суракка алышкан. Өздөрүнүн жанын өздөрү мурдараак кыйган Адольф Гитлер, Йозеф Геббелс, Генрих Гиммлер сыяктуу нацисттик лидерлер гана бул сот жүрүмүнө тартылбай калган.

Дээрлик бир жылдай (1946-жылдын 1-октябрына чейин) созулган алгачкы сот айлампасында нацисттик 12 жетекчи өлүм жазасына кесилип, үч киши өмүр бою, төрт киши узак жылдарга эркинен ажыратылып, үч киши акталып чыккан. Андан кийин да 1946-жылдын ноябрынан 1949-жылдын апрелине чейин созулган башка да 12 сот ишин кароо жүзөгө ашырылган.

XS
SM
MD
LG