Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Ереванда Пашиняндын кызматтан чегинишин талап кылгандардын 25и кармалды


Армениянын борбору Ереванда 20-ноябрда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан чегинишин талап кылган демонстранттардын арасынан бери дегенде 25 кишини полиция кармап кетти.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, нааразылыкка чыккандар өздөрүнүн автоунаалары менен Еревандын бир катар негизги көчөлөрүн тосо баштаган.

Акцияга чыккандар Пашиняндын Тоолуу Карабак маселесинде Азербайжандын жана Орусиянын президенттери менен келишимге кол койгонуна нааразылык билдиришүүдө.

"Интерфакс" агенттиги Армениянын дагы бир ири шаары Гумриде демонстрациялар болгонун кабарлады.

Армениядагы саясий кризистен улам бир катар министрлер кызматтан кетишти. Пашинян кызматтан кетүү ниети жоктугун айткан. РБК маалымдагандай, ал 18-ноябрда мамлекетте пландалган реформалар тууралуу баяндап, жарым жылдан соң баяндама жасарын билдирген.

10-ноябрга караган түнү Армениянын, Азербайжандын жана Орусиянын лидерлери Тоолуу Карабактагы жаңжалды токтотуу тууралуу билдирүүгө кол коюшкан. Натыйжада, мурда армяндар көзөмөлдөп келген Тоолуу Карабактагы ири аймак Азербайжанга өтмөй болгон.

Армениянын өкмөт башчысы бул документти расмий Ереван үчүн оор чечим деп, бирок башка айла да жоктугун айткан.

XS
SM
MD
LG