Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:30

Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 10200дөн ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жетти. Алардын 9647си Кыргызстандын жарандары, 572си чет элдиктер.

Ооруга кабылгандардын 2527си каза болгон.

Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына караганда, ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар түзөт.

Жугуу жолдорунун көрсөткүчтөрү төмөнкүчө:

Жыныстык жол менен (гетеросексуалдык катыш) - 46%;

Жыныстык жол менен (гомосексуалдык катыш) - 3%;

Парентералдык жол менен (ийне аркылуу) - 43%;

Энеден балага - 3%;

Аныкталбаган башка жолдору - 5%.

Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматы.
Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматы.

Дүйнөдө 1-декабрда СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленет. Кыргызстанда оорунун алдын алуу боюнча 1-ноябрдан 1-декабрга чейин бир айлык өнөктүк жарыяланган.

ВИЧ - кишинин иммундук жетишсиздик вирусу. Анын акыркы стадиясы - СПИД. Учурда Кыргызстандагы ВИЧ илдеттүүлөр атайын программанын негизинде иммунитетти көтөрүүчү акысыз дарыларды дайыма ичип турушат. Дары-дармекти Глобалдык фонддун колдоосунда Республикалык СПИД бирикмеси берет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2018-жылы Кыргызстанды ВИЧ ылдам жайылып бараткан 25 мамлекеттин тизмесине кошкон. Өлкөдө бул ооруну жуктурган адам алгач 1996-жылы аныкталган.(SE)

XS
SM
MD
LG