Мындай сунушту Кыргызстанда жаңы түзүлгөн Конституциялык кеңешменин адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча секциясынын мүчөсү, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун берди. Ал Баш мыйзамдын жаңы долбооруна колдонуудагы Конституциянын бардык беренелерин өзгөртүүсүз эле киргизиш керек экенин айтты. Бул тууралуу ал адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча топтун 21-ноябрда өткөн жыйынында билдирди.
«Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзамда адам укуктары боюнча 16-беренеден 49-беренеге чейин жазылган. Бардыгы 33 берене. Конституциянын жаңы долбоорунда 24-беренеден 50-беренеге чейин жазылыптыр. Баш-аягы 27 берене. Колдонуудагы Баш мыйзамдагыга караганда беренелер кыскарып калыптыр. 1948-жылы кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жана башка декларациялардын негизинде адам укуктары боюнча бөлүм ыйык, өзгөрүүсүз болушу керек. Адам сөз эркиндигине, эс алууга, билим алууга укуктуу. Ушулардын баары өзгөрүүсүз калыш керек. Жаңы долбоордо эмнегедир өзгөртүлүп калыптыр».
Турсунбек Акун Конституциянын жаңы долбоорунун авторлору адам укуктарына байланыштуу беренелер эмнеге таянып, кандай негизде өзгөртүлгөнүн түшүндүрүп бериши керектигин билдирди. Ушундай эле пикирди секциянын мүчөсү, көз карандысыз эксперт Гүлмира Маматкеримова да айтты.
Жыйынтыгында Конституциялык кеңешменин адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча түзүлгөн топ беренелерди талкуулаган жок. Кийинки отурумга мыйзамдын авторлорун чакыруу боюнча сунуш берилди.
19-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
Конституциялык кеңешменин курамына коомдук-саясий, илимий чөйрөнүн 80ден ашуун өкүлү кирди. Анын төрагалыгына Кыргыз-Орус (Славян) университетинин кафедра башчысы, юридика илимдеринин доктору, «Эл бийлиги» саясий партиясынын негиздөөчүсү Бекбосун Бөрүбашев бекитилди.
Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат.
Жаңы долбоор кыргыз коомчулугунда ага каршы чыккандардын жана аны жактагандардын тобун пайда кылды. (BTo)