Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

22-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан жел согуп, кээде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот.

Абанын температурасы:

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -7....-12, күндүз -2...+3,

Нарын дубанында түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...+2,

Талас жергесинде түнкүсүн -11....-16, күндүз -1....-6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9...-14, күндүз 1....6,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -7...-12 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -10...-12, күндүз -3...-5 градуска төмөндөйт.

XS
SM
MD
LG