Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:03

АКШда дагы бир өлүм жазасы ишке ашырылды


Өлүм жазасын ийне саюу аркылуу ишке ашырууда колдонулган гурни. Өлүм палатасы деп аталган бул гурни АКШнын Хантсвилл калаасындагы жаза аткаруучу жайлардын биринде жайгашкан. 2007-жылы тартылган сүрөт.

АКШнын Индиана штатында 49 жаштагы Орландо Холлго өлүм жазасы чегерилди. Бул тууралуу 20-ноябрда АКШнын Юстиция министрлигине таянып “Франс Пресс” агенттиги жазды.

Холл бейшемби күнү кечинде, АКШнын Жогорку соту аны кечирүү тууралуу өтүнүчүн четке каккандан кийин өлүм жазасына тартылган деп маалымдады Француз эл аралык радиосу.

Орландо Холл 1995-жылы 16 жаштагы Лиза Ренени уурдоого, зордуктоого жана өлтүрүүгө айыпталган.

Бул АКШда акыркы төрт айдагы сегизинчи өлүм жазасы. Июль айында өлкөнүн Жогорку соту акыркы отуз жыл ичинде федералдык соттор тарабынан чыгарылган өлүм жазалары аткарылышы мүмкүн деген чечим чыгарган.

Жакынкы апталарда АКШда дагы эки өлүм жазасы ишке ашырылышы керек.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG