Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Жалал-Абадда мэр шайлоо 3-декабрга белгиленди


Жалал-Абад шаарынын мэриясы.
Жалал-Абад шаарынын мэриясы.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жалал-Абад шаарынын мэрин кайрадан шайлоо күнүн 3-декабрга белгиледи.

Мэр шайлоо 17-ноябрда өтмөк. Бирок калаа башчылыгына жалгыз талапкер болгон Эрнисбек Ормоков ат салышуудан баш тартып койгон.

Ормоков быйыл 4-октябрда өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Мекенчил» партиясынан талапкер катары катышкан.

Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Мураталы Тагаев октябрь айындагы саясий окуялардын фонунда кызматтан кеткен. Андан бери мэрдин милдетин вице-мэр Нуртилек Орозбаев аткарууда.

Жалал-Абад - Кыргызстанда үчүнчү ири шаар. Калкынын расмий эсеби 120 миң деп айтылат. (SE)

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Адил Жоробаев менен маек.

XS
SM
MD
LG