Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

Коронавирус жугузуп алган 133 бейтаптын абалы өтө оор


Коронавируска каршы Республикалык штабдын 22-ноябрдагы маалыматына караганда, COVID-19 жугузуп алып, ооруканада жаткан 3078 адамдын ичинен 133 бейтаптын абалы өтө оор. Андан тышкары, 857 киши оор, 2030 адам орто, 58 бейтап канааттандырарлык абалда.

Ошондой эле үй шартында 3700дөн ашуун адам дарыланууда.

Кыргызстанда коронавирус аныкталган март айынан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы расмий саны - 69581, ооруканадан айыгып чыккандар - 60811, илдеттин курмандыктары 1231 кишиге жетти.

Соңку бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония дагы төрт адамдын өмүрүн алды. Вирус дагы 432 кишиден табылып, мурдагы ооруп калгандардын арасынан 517си сакайды. (SE)

XS
SM
MD
LG