Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирген 13 киши жарыштан чыкты


10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоодо ат салышуу ниетин билдирген Марат Кайыпов жарыштан чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, ал 21-ноябрда документтерин артка кайтарып алууга арыз жазды. Анын себеби маалымдалган жок.

19-ноябрда Боршайком президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирген он эки жарандын документин да артка кайтарган.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Нурлан Мотуев соттуулугу бар деген негизде жарыштан четтетилген.

Дагы тогуз киши - Анаргүл Араева, Анар Зарипова, Елена Клипачева, Юлия Лилиенталь, Султан Ажиматов, Тынчтык Акжолтоев, Куттумидин Базаркулов, Жээнбек Искендеров жана Чынгыз Капаров кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билбейт деп табылган. Тийиштүү сертификатты "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси берген.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин адегенде 63 адам билдирген. Алардын 62си өзүн-өзү көрсөтсө, бир жаранды партия сүрөгөн.

Талапкер болгусу келгендердин сегизи аялдар. Боршайкомдун акыркы чечимдеринен улам айымдардын жарымы жарыштан четтеп калышты.

XS
SM
MD
LG