Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

«Аялдар санарип ишкердикте» деп аталган хакатон уюштурулду


Иш-чарадан тартылган сүрөт.
Иш-чарадан тартылган сүрөт.

Бишкекте «Аялдар санарип ишкердикте» деген аталышта хакатон өтүп жатат. Ал “Айым Creates” долбоорунун алкагында санарип шартта ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

Ишкердикке бел байлаган 80 аял электрондук коммерция багытындагы эксперттердин, адистердин, менторлордун катышуусунда идеяларын жайылтууну талкуулашууда.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, 20-22-ноябрь күндөргө белгиленген иш-чарага Кыргызстандын түрдүү аймактарынан ишкер айымдар катышууда.

Аларга товарын Интернет айдыңында жайылтып, кардар табуудан тышкары, видео-блог, контент-мейкинг сыяктуу заманбап өнүгүү ыкмалары үйрөтүлүп жатат.

“Woman Up” уюму санарипти колдоо жаатындагы “Айым Creates” долбоорунун алкагында өлкө аймагындагы 498 аял ишкерге кеп-кеңеш берип келет.

Хакатон - программалык камсыздоо жаатындагы түрдүү адистердин форуму дегенди түшүндүрөт. Англис тилинде “hackathon”деп аталат, “hack” – хакер, “marathon” - марафон сөздөрүнөн алынган. (SA)

XS
SM
MD
LG