Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:02

COVID-19: Дагы алты киши каза болду, 304 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен алты адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, экөө Чүй облусунун жана калган экөө Талас жана Ош облустарынын тургундары болчу.

Жалпысынан көз жумгандар 1237 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 304 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (101) жана Жалал-Абад (72), Чүй (51) облустарында.

Ошентип, оору жуккандардын жалпы саны 69 885 кишиге жетти.

Бир күндө 349 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3096 адам жатат, дагы 3648 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3815 адамга жетти, алардын 3545и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору эки дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG