Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

БШКнын кароосунда президенттик шайлоого катышууну каалаган 65 жарандын 48инин документи калды


Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) кароосунда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз берген 65 жарандын 48инин документи калды. Бул тууралуу 23-ноябрда «Азаттыкка» Боршайкомдун жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, беш адам арызын өзүлөрү кайтарып алды, ал эми 12 адамдын документтерин Боршайком кайтарып берди.

«Азыр банк мекемелеринен эсеп ачып, элден кол топтоо этабы болуп жатат, - деди ал. - Бул этап жана шайлоо күрөөсүн төгүү 3-декабрга чейин жүргүзүлөт. Калган жетишпеген документтеринин баарын 6-декабрды кошуп алганда БШКга берүү зарыл. Боршайком документтердин мыйзамга шайкеш келишин текшерүү этабын жүргүзүп, 14-декабрды кошкондо каттоо мөөнөтүн аяктап, 15-декабрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери жүргүзүлөт».

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков бийликти быйыл парламенттик шайлоодон соң башталган башаламандыктан кийин өткөрүп берген. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

2017-жылы президенттик шайлоого катышуу ниетин 57, ал эми 2011-жылы 87 адам билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG