Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Окумуштуу Асанканов өлкө көп улуттан турарын Баш мыйзамда эске алууга чакырды


Абылабек Асанканов, Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү.
Абылабек Асанканов, Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда Кыргызстан көп улуттуу мамлекет экенин эске алыш керек. Мындай пикирин 23-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйынында анын мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов билдирди.

Асанканов буга чейинки чырлар кайталанбашы үчүн улут аралык саясатка бирдей кароо зарыл болорун, Кыргызстандын эли көп улуттуу экенин эч убакта унутпаш керек экенин белгиледи:

«Улуттар ортосундагы мамиле туура эмес болгондуктан тарыхыбызда акыркы 30 жылда эки жолу чоң улут аралык кагылыш болду. Мен ошолорду изилдеген кишимин. Токсонунчу жылы 318 бейкүнөө киши, 2010-жылы 492 киши өтүп кетти. 6 миллиард сомдон ашык каражат кетирдик. Бүлүндүк. Экономика артка ыргытылды. Эң негизгиси – элдин ортосундагы ишенимге жана мамилеге жарака кетти. Ошондуктан Конституциянын концепциясында биз сөзсүз улут аралык мамилелерге бирдей карашыбыз зарыл. Көпчүлүктү түзгөн гана элдин укугун көбүрөөк көргөзүп, ал эми башка элдердин укугун кичине азыраак көргөзүп кое турган болсок биз кайрадан 1990 жана 2010-жылдагы окуяга туш келишибиз мүмкүн».

Буга чейин Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү Кыргыз республикасынын аталышын «Кыргыз Эл Республикасы» («Республика Кыргыз») деп өзгөртүүнү сунуш кылышкан.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонууда.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов долбоорду талкуулай турган Конституциялык кеңешме түзгөн. Анын курамына 80ден ашуун коомдук ишмер, тарыхчы, окумуштуу кирген. (RK)

XS
SM
MD
LG