Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

ИИМ: Таксисттин өлүмү боюнча шектүү төртүнчү киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция таксисттин өлүмүнө тиешеси бар деп шек саналып жаткан 25 жаштагы адамды кармады. Бул тууралуу 23-ноябрда Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, буга чейин бул өзгөчө оор кылмыш үчүн 21, 24 жана 31 жаштагы үч киши кармалган.

Окуя быйыл 12-мартта Чүйдүн Сокулук районунда болгон. Милициянын версиясына караганда кылмышка шектүүлөр Ош базарынын жанынан такси жалдап, аны Сокулукка чейин айдатып барып, Белек деген айылдан айдоочуну өлтүрүп, машинесин кайра Бишкекке айдап кетишкен. Кол салуу үчүн айыптуу деген шек менен үч киши дароо кармалган.

20-ноябрда колго түшүрүлгөн шектүү камакка алынды. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары айтылды.

Уюшкан кылмыштуулук маселеси 2018-жылы Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланып, бул мүшкүлгө каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби күч түзүмдөрүндөгү коррупция экени айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG