Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Тоңдо митинг учурундагы чыр боюнча териштирүү жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда митинг учурунда чыккан чырга байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу 23-ноябрда «Азаттыкка» облустук милиция кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя быйыл 6-октябрда Тоң райондук акимчилигинин алдында болгон. Эки адам уруша кетип, ортодо мушташ чыккан.

Бөкөнбаев айылынын бетинен жараат алган 56 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында денеге келтирилген зыян «жеӊил квалификация» катары бааланып, Жоруктар кодексинин «Майда бейбаштык» беренесинин негизинде териштирүү башталган.

Кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 51 жаштагы тургуну кармалып, ал тилкат менен коё берилген. Милициянын маалыматына караганда, ал адам ИИМде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Быйыл 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Эртеси күнү анын баштапкы жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары башталган. Бишкекте 6-октябрга караган түнү милиция менен кагылышууда бир митингчи каза болуп, жүздөгөн адам жараат алган. Митингдер жер-жерлерде да өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG