Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка кезектеги сынак жарыяланды


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

Журналисттик иликтөөлөр фонду жана Кыргызстандагы «Интерньюс» уюму 2020-жылдагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн берилчү Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка сынак жарыялады.

Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөө журналистикасы жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо.

Иликтөө жүргүзгөн медиа тармагындагы журналисттер, уюмдар, жарандык активисттер, блогерлер, студенттер жана башка кызыкккан тараптар сынакка 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жарыяланган материалдары менен катыша алышат.

Негизги талаптар – материалдын актуалдуулугу, журналисттик иликтөө темасынын масштабы, иликтөөнүн конкреттүү жагдайдын жакшырышына тийгизген таасири, кесиптик деңгээл жана атуулдук кадыр-барк. Сыйлык фонду 100 миң сом.

Сынактын толук шарттары менен таанышуу үчүн бул жакты басыңыз.

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG