Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Кулов: Жапаров эми Текебаев тууралуу сотто да көрсөтмө берүүгө милдеттүү


Феликс Кулов, мурдагы премьер-министр.
Феликс Кулов, мурдагы премьер-министр.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаровдун «Мегаком» иши боюнча билдирүүсүн сотко барып айтып бериши керек деп эсептейт.

Мындай пикирин ал 24-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасына жазып: «Жапаров Текебаев пара алганын тастыктап бере аларын билдирди. Эгер айткандары жөн гана сөз болбосо, анда ал сотто көрсөтмө берүүгө милдеттүү. Антпесе, анын билдирүүсү жалган маалымат катары бааланышы мүмкүн», деди.

Кулов Текебаевге коюлган айыптын негизи жоктугу боюнча төгүндөлгүс фактылар бар экенин белгилеп, «адамдарга, жашоого карата мамилени өзгөртүш керек. Өч алуу – өлкөдөгү эң жогорку кызматты ээлегиси келген адам үчүн эң кооптуу жана жол берилгис сапат» деп кошумчалады.

23-ноябрда Жапаров «7-канал» телекомпаниясындагы маегинде «Мегаком» иши боюнча Текебаевди айыптаган. Күбө болчулардын бири катары Куловду да атап, төмөнкүлөрдү билдирген:

«Азыр айта берсем болот. Президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда айтсам болбойт эле. Бул Маевскийден 1 миллион доллар алган. Алганы анык. Муну бардык саясий элита билет. Мен да тастыктап берем».

Текебаев 24-ноябрда «Азаттыкка» берген комментарийинде Жапаровду «Атамбаевден да өткөн басмачылык саясатты улантып жатат» деп билдирди.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «Мегаком» компаниясы боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Муну эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап келатат.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду камактан тилкат менен бошоткон. Иш райондук сотто кайра каралып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG