Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 00:49

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү


Бишкек шаардык кеңеши жана мэриясы жайгашкан имарат.

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы түзүлгөн коалициянын катышуусу менен бүгүнкүгө, 24-ноябрга пландалган алгачкы сессия болгон жок. «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Канатбек Музуралиев «Азаттыкка» үч фракция кирген коалиция өткөн аптада түзүлгөнүн билдирди:

«КСДП, «Республика - Ата Журт» жана «Мекеним Кыргызстан» коалиция түзүшкөн. Бүгүн сессияда расмий айтылышы керек болчу. Депутаттардын көбү ооруп келбей калгандыктан сеccия 2-декабрга калды».

Шаардык кеңеште беш фракция бар. Буга чейинки коалициянын курамында «Республика - Ата Журт», КСДП, «Мекеним Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары болчу. 19-ноябрда «Республика - Ата Журт» жана «Мекеним Кыргызстан» анын курамынан чыкканын жарыялашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG