Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Ош облусунун губернатору Кара-Сууну жетектөөгө эки талапкерди сунуш кылды


Солдон оңго Мурадин Тешебаев, Жарасул Абдураимов жана Нурлан Абдраев.

24-ноябрь күнү Ош облусунун губернатору Жарасул Абдураимов журналисттер менен басма сөз жыйынын уюштуруп, анда Кара-Суу районуна эки талапкерди көрсөткөнүн айтты. Алар - Мурадин Тешебаев менен Нурлан Абдраевдер.

Өкмөттүн өкүлүнүн айтымында, эки талапкер тең мурун Кара-Суу районунун акимчиилгинде эмгектенген жана алардын тажрыйбасы Кыргызстандагы эң чоң районду башкарууга жетет.

«Менде принцип бар, кайсы бир жерде өсүп келе жаткан баланы гана сунуш кыла алам. Көчөдөн же башка жактан келгендерди сунуш кыла албайм. Андайга өзүмдүн ичимден да каршы турам. Себеби билбей туруп барыш кыйын, өздөштүрүш кыйын, убакыт көп кетет», - деди Абдураимов.

Мурадин Тешебаев - өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси, Нурлан Абдраев - өкүлчүлүктүн аймактык өнүгүү жана экономика бөлүмүнүн башчысы.

Ушул айда Ош облусунда Алай, Чоң-Алай жана Ноокат райондорунун акимдери алмашкан.

Ошентип, Ош облусунда Араван районунун акиминен башкасы баары алмашты. Алардын ичинен эң чоң район Кара-Сууда акимдин орду бош турат. Анын милдетин орун басар Капарбек Абдиев аткарып жатат.

Кыргыз бажысында коррупциялык схемаларды калкалаган деп айыпталып жаткан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Тилекбек Матраимов бийлик алмашкандан кийин кызматынан кеткен. Ал 6-октябрда коңшу Өзбекстанга мыйзамсыз өтүп бараткан жеринен колго түшүп, тергөө абагына кармалган. Кийинчерээк Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган. (DU)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG