Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Ош: Адвокат аңдууга жана тыңшоого кабылганын айтууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто бир катар чуулгандуу иштер боюнча адвокаттык кызмат жүргүзгөн жактоочу анын артынан тыңшоо жана аңдуу жүрүп жатканын айтып чыкты. Адвокат Назгүл Сүйүнбаева мындай аракет анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин 24-ноябрда “Азаттык” радиосуна билдирди:

“Менин жактоомдогу адамдарга чыгуу максатында жасалууда деп ойлойм. Азыр да үйүмдүн жанында ар кандай адамдар жүрүшөт, машиналар турат. Тыңшоого да аракет кылып жатышат. Мындай аракет менин адвокаттык ишмердүүлүгүмө байланыштуу жана бул Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери деп эсептейм”.

Жактоочу бул боюнча тийиштүү мекемелерге кайрылууга даярданып жатканын кошумчалады.

УКМК өз дарегине айтылган айыптоону негизсиз чагым деп атоодо. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна атайын кызматтын ал фактыларга тиешеси жоктунун билдирди:

“Адвокат өзүнүн ишмердүүлүгүнө жараша кайсы учурда жана кандай шартта атайын техникалык каражат колдонуларын билет. Ошондуктан мындай билдирүүсүн биз өзүнө пиар катары көңүл бурдуруу аракети деп баалайбыз. Негизсиз билдирүү таратуудан оолак болсо деп эсептейбиз”.

Адвокат Сүйүнбаева милиция кылмыштуу топтун мүчөсү деп атаган Кадыр Досоновго, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановго карата козголгон иштер боюнча жактоочу катары белгилүү. Азыр ал прокурор Улукбек Өмүрзаковдун адвокаты.

12-ноябрда УКМК Өмүрзаков Ош облусунун аймагындагы көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн деген негизде кармалганын маалымдаган. Өмүрзаковдун тарапкерлери ага жалган жалаа жабылып, куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Кимсановго карата козголгон жазык иши токтотулуп, кийин кайра териштириле баштаган. Досонов абактан 2019-жылы кое берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG