Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

СOVID-19: Өкмөт жабылган мекеме-ишканаларды ачуу жоопкерчилигин жергиликтүү бийликке өткөрүп берет


Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева.
Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева.

Өкмөт коронавируска байланыштуу жабылган мекеме-ишканаларды ачуу боюнча жоопкерчиликти өзүнөн алып, жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп бергени жатат. Бул тууралуу 24-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын отурумунда айтылды.

Мындай эреже 1-декабрдан тартып киргизилип, ар бир жергиликтүү бийлик өзүнүн карамагындагы аймак үчүн жооптуу болсун деген сунуш түштү. Ишин уланта баштаган мекеме-ишканаларда тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык жана башка талаптар сакталышын жергиликтүү бийлик өзү көзөмөлдөйт жана жооптуу болот.

Штабда жалпы билим берүү мекемелеринин, кинотеатрлардын жана экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнүн ишине уруксат берүү маселеси талкууланып, эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча атайын алгоритмдер иштелип чыгары белгилүү болду. Республикалык штаб аймактардагы COVID-19 боюнча абалды жалпысынан көзөмөлдөп турары айтылды.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жамааттарда Жаңы жылды майрамдоо иш-чараларын чектөө же таптакыр тыюу салуу маселесин да караштырыш керек экенин белгиледи.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 70 миңден ашты. Алардын 1241и көз жумду. Азыр ооруканада жаткан 2948 бейтаптын 147синин абалын дарыгерлер өтө оор деп мүнөздөп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG