Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Израилдин премьер-министри Сауд Арабиясына барганы боюнча маалымат берген жок


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Сауд Арабиясына барганы тууралуу маалыматка комментарий берүүдөн баш тартты.

23-ноябрда Эр-Рияд жөөт өкмөт башчысы тактынын мураскери менен жолугушпаганын билдирген. Анын алдында Израилдин расмий өкүлү Нетаньяху падышалыкка барганын жана ханзадага кезиккенин маалымдаган.

«Ликуд» партиясынын жыйынында Саудиядагы сапары тууралуу суроого жооп берип жатып премьер:

«Чындап сурап жатасыңарбы? Мен эч качан мындай нерселерге комментарий берген эмесмин жана азыр да антпейм», - деп жооп берди.

Израилдин маалымат каражаттары өкмөт башчы жекшембиде Саудиянын ханзадасы Мухаммед бин Салман жана АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен сүйлөшүү үчүн Неом шаарына барып кеткенин жазышкан. Бирок кийинчирээк падышалыктын тышкы иштер министри бул маалыматты четке какты.

Көп жылдардан бери Палестинанын таламын талашып келе жаткан Сауд Арабиясы Израил менен расмий мамилелерге барчу эмес.

XS
SM
MD
LG