Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

БШК: Президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө 137 миллион сом талап кылынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-ноябрга белгиленген, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө бюджеттен жалпысынан 137 миллион 290 миң сом талап кылынат. Бул тууралуу 25-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) кабарлап, бул сумманы бекитүү тууралуу чечим кабыл алынганын жана эпидемиологиялык абалга байланыштуу эң зарыл гана керектөөлөр киргенин билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул акча 2475, анын ичинде чет өлкөлөрдө ачылган 45 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин уюштурууга, биометрикалык жабдыктарды, компьютердик техниканы, автоматтык урналарды, бюллетендерди жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук каражаттарын жеткириш үчүн транспорттук чыгымдарга жумшалат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 3 миллион 544 миң шайлоочу каттоодо турат. 2017-жылдагы президенттик шайлоодон бери бул сан дээрлик жарым миллионго – 518 миңге көбөйдү.

Участкалык комиссия мүчөлөрүнүн жалпы саны 31 миң 150, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 650 адамды түзөт. Операторлор 1987, техникалык колдоо тобу 600 адам.

Бекитилген суммага бул кызматкерлерден тышкары эки миңге жакын идентификация операторунун жана 4,5 миңдей милиция кызматкеринин шайлоо күнкү тамактануусуна каралган акча да кирет.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген. Кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берген президенттин ордуна жаңы башчыны шайлоо 10-январга белгиленген.

БШКнын соңку маалыматына караганда, президенттикке талапкер болууну каалаган 65 адамдын 47синин документи каралып жатат, талапкерлерди каттоо 14-ноябрда аяктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG