Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:52

Зайырбек Ажыматовдун чыгармасы ИИМдин ыр сынагынын жеңүүчүсү болду


ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урманбетов Зайырбек Ажыматовдун сыйлыгын анын уулу Мелиске тапшырды. 2020-жылдын 25-ноябры.
ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урманбетов Зайырбек Ажыматовдун сыйлыгын анын уулу Мелиске тапшырды. 2020-жылдын 25-ноябры.

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун милициянын ишмердүүлүгүнө арналган чыгармасы Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөргөн ыр сынакта жеңүүчү деп табылды. Бүгүн, 25-ноябрда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, экинчи орунду ээлеген маркум акындын сыйлыгы анын уулуна тапшырылды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «Бир ырдын сынагы» аттуу конкурс кыргыз милициясынын күнүмдүк түйшүгүн, турмушун, ишмердүүлүгүн чагылдыруу жана эрдигин даңктоо максатында уюштурулган.

Биринчи орунду Кутмырза Жакыбалиев, экинчи орунду Зайырбек Ажыматов, үчүнчү орунду Нарынбек Жамангулов, төртүнчү орунду Ырысбүбү Сагынбаева ээлешти.

Дагы алты калемгер кошумча сыйлыкка татыды.

Калыстар тобунун курамына Жазуучулар союзунун, чыгармачыл жаштардын «Нур борбор» академиясынын өкүлдөрү жана ИИМдин кызматкерлери кирди.

Мыкты деп табылган калемгерлерге сыйлыктарды ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тапшырып, «кыргыз милициясы бүгүнкү күндө эл менен байланышын бекемдеп, ишин элге таянып жүргүзүүнү көздөп, эл да муну туура түшүнүп, жапа тырмак колдоп, жардамын берип жатканын» айтты. Анын айтымында, сынакка республиканын бардык аймактарынан түрдүү жаш курактагы калемгерлер жигердүү катышты.

Милицияга арналган ыр сынак быйыл биринчи жолу уюштурулду. Аны өткөрүү тууралуу 2-мартта жарыяланган.

«Азаттык» радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов быйыл 28-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Акындын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында белгилүү болуп ырдалып калды. Ажыматовдун чыгармачылыгында ата мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт.

ИИМдин сынагына анын «Милиция» атуу чыгармасы катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG