Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:57

26-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.

26-ноябрда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 3…5 градус болот.

XS
SM
MD
LG