Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Мэрия Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратын жаңылап, ага шаардык кеңешти көчүргөнү жатат


Балбак Түлөбаев курула турган имараттын долбоорун көрсөтүүдө.
Балбак Түлөбаев курула турган имараттын долбоорун көрсөтүүдө.

Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна Бишкек шаардык кеңеши жана баш калаанын кээ бир муниципалдык кызматтары жайгаша турган жети кабат имарат салынат. Бул тууралуу 25-ноябрда мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди:

«Жети кабат, эки блоктон турган имарат болот. Көрүп жатасыңар, азыр кабинеттерде тыгылып отурабыз, залдын кебетесин көргөнсүңөр, эч жакка батпайбыз. Долбоорун иштеп чыгууга сынак жарыяладык. Ал деталдуу долбоорлоосун жүргүзөт. Архитектуралык кеңештен өткөн».

Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта мурда Башкы прокуратура жайгашчу. 2010-жылдын апрель окуяларында ал жерде өрт чыгып, имарат жараксыз абалга келген жана ошондон бери анын бетин ар кандай жарнамалар менен жаап келишкен.

2018-жылы мэрия ошол жерде гүл бакча ачыларын жарыялап, коомчулук шаар бийлигинин бул чечимин кубаттаган. Ага чейин автоунаалар үчүн токтотмо ачуу жөнүндө сунуштар да айтылган. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG