Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:27

Улуттук банк сатыкка дагы 1,6 миллион доллар чыгарды


Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, 24-ноябрда сатыкка 1,6 миллион доллар чыгарды. Ушуну менен ноябрь айында жетинчи, ал эми жыл башынан бери 22-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 404 миллион доллардан ашуун каражат коюлду.

Башкы банк өткөн аптада долларды сатыкка күн сайын, беш иш күнү бою катары менен чыгарып жатты. Интервенцияны башкы банк улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашырат.

Бүгүн, 25-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,79 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандап, 73 сомго түшкөн.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти.

Орус рублинин бүгүнкүгө расмий курсу 1 сом 11 тыйын деп аныкталды.(RK)

XS
SM
MD
LG