Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Байден өз администрациясынын мүчөлөрүн сунуш кылды


Жо Байден болочок администрациясынын мүчөлөрү менен.

АКШнын шайланган президенти Жо Байден өзүнүн болочок администрациясында маанилүү кызматтарын ээлечү талапкерлердин атын атады. Ал шайланган вице-президент Камала Харрис менен бирге 24-ноябрда америкалыктарга кайрылып, «Американы бириктирүүгө жана жараларын айыктырууга жардам берчү команда» деп атады.

Байден АКШнын мамлекеттик катчылыгына өзүнүн көптөн берки кеңешчиси жана тажрыйбалуу дипломат Энтони Блинкенди сунуш кылып жатып, «Мамлекеттик департаменттин ишенимин жана моралдык духун калыбына келтирет» деп белгиледи.

Ал эми теги кубалык юрист Алехандро Майоркас Ички коопсуздук министрлигине көрсөтүлдү. Ал өлкөнүн иммиграциялык саясатына жооп берген мекемени башкарган биринчи латын америкалык болуп калмакчы.

Байден «элдик элчи» деп атаган тажрыйбалуу дипломат Линда Томас-Гринфилд АКШнын БУУдагы элчилигине дайындалат.

Буга чейин Борбордук чалгын башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон Аврил Хейнс Улуттук чалгындын директорлугуна сунушталууда. Ал бул кызматты ээлеген алгачкы аял жетекчи болот.

Мурдагы президент Барак Обаманын администрациясынын дагы бир кызматкери Жейк Салливан улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиликке, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керри президенттин климат маселелери боюнча атайын чабармандыгына көрсөтүлдү.

Жо Байден айлана-чөйрөнү коргоо боюнча абдан көп иш бар экенин белгилеп, Керри Улуттук коопсуздук кеңешинин мүчөсү болорун билдирди.

Шайланган президент өз командасынын мүчөлөрүн Дональд Трамптын командасы бийликти өткөрүп берүүгө макул болгон күндүн эртеси тааныштырды. Уилмингтон шаарында өткөн иш-чара Байдендин арсар штаттардын бири Невада штатында утуп жатканы расмий жарыяланган соң уюштурулду.

Эми Байдендин командасынын мүчөлөрүн Сенат жактырышы керек. Учурда республикачылар көпчүлүктү түзгөн Сенаттын курамы кийинки жылдын 5-январында Жоржия штатында өткөн шайлоодон соң өзгөрүшү мүмкүн.

2021-жылдын 20-январында кызматка киришери пландалып жаткан Байден өз администрациясы тез эле куралат деген үмүттө турат.

XS
SM
MD
LG