Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:11

Бишкек: Карантинге жабылган кинотеатрлар жана фудкорттор 1-декабрда ачылат


Бишкек шаары.

1-декабрдан тартып Бишкекте кинотеатрларга жана соода борборлорунун ичиндеги коомдук тамактануучу жайларга (фудкорт) иштөөгө уруксат берүү пландалууда. Бул тууралуу 25-ноябрда шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевге таянып Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Кинотеатрларда жана фудкорттордо бардык санитардык эрежелер так сакталышы талап кылынат.

Мындан тышкары, шаардагы супермаркеттерге мурдагыдай күнү-түнү иштөөгө уруксат берүү пландалып жатат.

Ал эми тойканалар жана ресторандар үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыгууда.

24-ноябрда өкмөт коронавируска байланыштуу жабылган мекеме-ишканаларды кайра ачуу боюнча жоопкерчиликти өзүнөн алып, жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп берип жатканын маалымдаган. Ишин уланта баштаган мекеме-ишканаларда тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык жана башка талаптар сакталышын жергиликтүү бийлик өзү көзөмөлдөп, жооптуу болору айтылган.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жамааттарда Жаңы жылды майрамдоо иш-чараларын чектөө же таптакыр тыюу салуу маселесин да караштырыш керек экенин белгилеген.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 70 миңден ашты. Алардын 1200дөн ашууну көз жумду. Азыр ооруканада жаткан 3 миңдей бейтаптын 127синин абалын дарыгерлер өтө оор деп мүнөздөп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG