Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Конституциялык кеңешме өлүм жазасын кайра киргизүү тууралуу сунушту четке какты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өлүм жазасы тууралуу норманы кайра киргизүү жөнүндө сунуш четке кагылды. Бул тууралуу 25-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди.

Шериповдун айтымында, мындай сунуш жарандардын биринен келип түшкөн жана ага мындай норманы киргизүү туура эмес болору түшүндүрүлдү.

«Себеби бул гумандуулук принциптерине туура келбей турганын, өлүм жазасын киргизүү артка кетүү болорун жана биздин эл аралык укуктар менен стандарттарды сактоо тууралуу милдеттенмелерибизди аткарбоо болорун айтып, бул сунушту четке кактык», - деди ал.

Кыргызстандын 1997-жылдагы Жазык кодексинде адамга карата жасалган өзгөчө оор кылмыш үчүн өлүм жазасы тууралуу норма каралган. Бир жылдан кийин ага мораторий киргизилген. 2007-жылы өлүм жазасы өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууга алмаштырылып, ошол эле жылы Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганда мындай норма таптакыр алынып салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG