Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Акыйкатчы жогорку окуу жайларынын акысын төмөндөтүүнү сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчынын аппараты жогорку окуу жайларында келишим менен окугундардын төлөмдөрүн азайтууну сунуш кылып жатканын билдирди. Мекеме ушу тапта студенттер онлайн режимде окуп жатканын белгилеп, окуу жайларындагы электр энергиясы сыяктуу чыгымдарды азайтып, анын эсебинен келишимдик негизде билим алып жаткандардын төлөмдөрүн азайтуу зарыл экенин билдирүүдө.

Акыйкатчы институту Билим берүү жана илим министрлигин жогорудагы жагдайларды эске алып, өкмөткө төлөмдөрдү азайтуу боюнча демилге көтөрүүнү сунуш кылды.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана башка бардык окуу жайлары карантинге жабылып, окуу жылы онлайн жыйынтыкталган. Өлкөдө 63 жогорку окуу жайынын 32си мамлекеттик болуп саналат. Кыргызстанда келишимдин негизинде окуп жаткандардын төлөмү 15 миң сомдон 50 миң сомго чейин болот. (TSh)

XS
SM
MD
LG