Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Рим папасы уйгурларды куугунтукка туш болгон эл деп атады


Рим папасы Франциск.

Рим папасы Франциск уйгурларды куугунтуктукка туш болгон эл деп атады. Католик чиркөөсүнүн башчысы бул тууралуу алгачкы жолу Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган азчылыктын өкүлдөрүнүн укуктары бузулуп жатканы боюнча кабарлар тарап жаткан учурда билдирди.

«Мен куугунтукка кабылган рохинжа, байкуш уйгурлар, йезиддер жөнүндө көп ойлоном» деп айтылат понтификтин «Келгиле, кыялданалы: жаркын келечекти карай» аттуу китебинде. Китеп 23-ноябрда басылып чыкты.

Буга чейин папа Мьянмадагы рохинжа азчылыгынын репрессияларга кабылышы, Ирактагы йезиддердин «Ислам мамлекети» террордук уюму тарабынан өлтүрүлүп жатышы жөнүндө айтып келген, бирок уйгурлардын азап чегиши тууралуу үн каткан эмес.

Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлдөрү лагерлерде негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай өз кезегинде бул лагерлерди «тарбиялоо жана кесипке үйрөтүү борборлору» катары мүнөздөп, мындай чаралар терроризм менен экстремизмге каршы күрөш үчүн керек экенин белгилейт.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги шейшембиде Рим папасы Францисктин Шинжаңдагы уйгурларды куугунтукталган эл деп сүрөттөшүн негизсиз деп атады. Министрликтин расмий өкүлү Чжао Лицзняь Францисктин сөздөрүн төгүнгө чыгарып: «Бардык улуттардын жашоо, өнүгүү жана дин тутуу эркиндиги бар», - деп билдирди.

Кытай менен Ватикандын ортосунда расмий карым-катыш жок. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык Кытайдын Коммунисттик партиясы 1949-жылы бийликке келгенде католик дин кызматкерлерин камакка алгандан кийин үзүлгөн.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG