Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 01:48

COVID-19: Болгарияда чектөөлөр күчөтүлдү


Софиядагы акция. 25-ноябрь, 2020-жыл.

Болгариянын өкмөтү коронавирусту жайылтпоо максатында чектөөлөрдү күчөттү.

Ага ылайык, 27-ноябрдан тартып өлкөдө ресторандар жана мектептер жабылат. Мындан сырткары кафе-барлар, түнкү клубдар, соода борборлору, машыгуу залдары да ишин токтотот. Университеттер жана мектептер толугу менен аралыктан окутууга өткөрүлүп, бала бакчалар жабыла турган болду.

Болгариядагы коронавирус менен күрөш боюнча жумушчу топтун башчысы Венцислав Мутафчийски 21-декабрга чейин созула турган жаңы чаралар «вакцина келип түшкөнчө көп кишини оорудан сактап калууга багытталганын» билдирди.

Акыркы апталарда Болгарияда коронавирус жугузуп, оор акыбалда ооруканага түшкөндөр кескин көбөйдү.

25-ноябрда 4382 адамдан вирус аныкталып, өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 129 миңге жетти. Учурда 6300 адам бейтапканада жатса, 400дөй киши реанимацияда жатат.

25-ноябрда өкмөттүн жаңы чараларына нааразы болгон жүздөгөн адамдар өлкө борбору Софияда акция өткөрүп, премьер-министр Бойко Борисовдун кызматтан кетишин талап кылды. Алар өкмөт башчыны «саламаттык сактоо тармагын реформалай алган жок» деп сынга алышты.

XS
SM
MD
LG