Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Суваналиев: Садыр Жапаровдун күзөтчүлөрүн алууга мен буйрук берген эмесмин


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев кызматта турган Садыр Жапаровдун машинесин жана күзөтчүлөрдү алып коюуга буйрук бербегенин билдирди. Суваналиев мындай пикирин «Азаттыктын» «Эки бир» программасында айтты. Ал бул техникалык талап болгонун белгиледи.

««Достук» мейманканасында премьер-министр Садыр Жапаров, спикер кылып Юсупович шайланды» деп расмий айтылгандан кийин УКМКнын 9-башкармалыгы дароо күзөтчү берди. Андан кийин кайра «легитимсиз» деген сөздөр пайда болду. Ал эми машинелер күндө кечинде гаражга келет. Анткени алар чопкутталган, атайын техникасы бар. Эртеси кагаз жок болгондон кийин чыкпай калды. Ошондой айтышыптыр, «Суваналиев алып койду» деп. Менден буйрук болбойт, гараждан чыгыш үчүн кагаз болушу керек. Ал кагазды парламент же өкмөттүн аппараты берет. Кийин беришти, күчөтчүлөр кайтарылды», - деди Суваналиев.

Суваналиев 6-октябрдан кийин президент баш болгон бардык бийликтин мүчөлөрү дайынсыз кеткенин айтып, коопсуздук тармагын колго алганын айтты. Ал бийликти башкаруу сыяктуу саясий окуяларга аралашпаганын белгиледи.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ушул эле жыйында депутаттар өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду тандаганы айтылган. Бирок бул жыйындын мыйзамдуулугунан шек санагандар арбып, Жапаров кийин парламенттен эки жолу тандалды. Жапаров 6-октябрда депутаттар аны өкмөт башчы кылып шайлаганын айтып, ага карабай ошол кезде күч түзүмдөрүн координациялап жаткан Өмүрбек Суваналиев машинесин, күзөтчүлөрдү алып койгонун айтып чыккан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Митингчилерге карай ок атылып, бир адам каза болгон, ондогон адамдар түрдүү жаракат алышкан.

Парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Суваналиев башаламандыктардан кийин кызматына кайтып барып, өлкөдөгү күч кызматтарын координациялоону колуна алган. 10-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков аны катчынын орун басарынын кызматынан бошоткон. (TSh)

XS
SM
MD
LG