Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

«Клооп» Чаткалдагы кабарчысынын суракка чакырылышын басым катары баалады


«Клооп» басылмасынын Чаткалдагы кабарчысы Аскарбек Мырзабеков.
«Клооп» басылмасынын Чаткалдагы кабарчысы Аскарбек Мырзабеков.

«Клооп» басылмасынын кабарчысы Аскарбек Мырзабековду 25-ноябрь күнү райондук милиция суракка чакырган. Суракка анын тарткан тасмасы себеп болгон. Милиция Мырзабековдун телефонундагы маалыматтарды көрүп, буга чейин Интернетке жарыяланган видеосун өчүрүүнү талап кылган. Бул тууралуу «Азаттыкка» басылманын редактору Элвира Султанмурат кызы билдирди.

Кабарчынын суракка чакырылышына Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары, алтын өндүргөн компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар катышкан жыйында Мырзабеков тарткан тасма себеп болгон. Анда тургундардын айылдык кеңештин депутаттарынын алтын өндүрүүдө цианид колдонууга уруксат берген токтомду жокко чыгарып берүү талабы талкууланган.

Мырзабеков тергөөчү Марат Жабайкулов анын телефонун алып, «Whatsapp» тиркемесиндеги тайпаларга кирип текшергенин жана «камайбыз» деп коркутканын редакцияга айткан. Ушундан улам «Клооп» тергөөчүгө каршы Башкы прокуратура менен ИИМге кайрыла турганын маалымдады.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Мырзабеков күбө катары суракка чакырылган деп ишендирүүгө аракет кылууда.

Милициянын маалыматына караганда, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары 26-сентябрда укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Натыйжада, Жазык кодексинин 355-беренесинин («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.

Укук коргоо органдары «милиция Мырзабековдун жекече жазышкан каттарын эмес жана «Youtube» каналындагы тасманы өчүрүүгө буйрук берген эмес» деп билдиришти.

Аскарбек Мырзабеков Чаткал районундагы экология жана алтын өңдүрүүдөгү көйгөйлүү маселелерди чагылдырып келген. (DU)

XS
SM
MD
LG