Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

Лавров Беларустагы окуялар үчүн Батышты сындады


Сергей Лавров жана Владимир Макей.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш өлкөлөрүн «Беларустун ички ишине кийлигишти» деп айыптады. Бул тууралуу ал 26-ноябрда Минскиде Александр Лукашенко менен жолугушуудан кийин билдирди.

Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей менен бирге өткөн басма сөз жыйынында сүйлөп жатып Сергей Лавров Батыш Минскиге одоно түрдө кийлигишип жатканын айтты:

«Сырттан кийлигишүүсү жок эле жана ортомчулардын кереги тийбеген сунуштарысыз эле акылман беларус калкы өз ишин өзү чече алат».

Лавров Батыш өлкөлөрү «коомдук пикирди бурмалап, өкмөткө каршы күчтөрдү ачык колдоп, түстүү ыңкылап үчүн ыплас ыкмаларды колдонуп жатат» деп сындады.

Сергей Лавровдун сапары Беларуста президенттик шайлоо өткөн август айынан бери оппозициянын нааразылык акциялары токтобой жаткан учурга туш келди. Бир катар Батыш өлкөлөрү президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай келет. Бирок Лукашенконун режимин расмий Москва колдоп жатат.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко жеңип чыкканы кабарланган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери миңдеген адам нааразылык акциясына чыгып, Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылууда. Күч түзүмдөрүнүн демонстранттарды кууп таратышы, ашкере күч колдонгону жана журналисттердин кармалып-камалганы эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG