Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Коронавирус бир күндө 377 адамдан табылды, дагы беш бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-ноябрдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда кечээтен бери коронавирустан беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Нарын облусунун тургуну болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1256 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 377 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (127), Бишкек шаарында (100).

Оору жуккандардын жалпы саны 71 548 кишиге жетти.

Бир күндө 402 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2875 адам жатат, дагы 3698 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3865 адамга жетти, алардын 3576сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 7 дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG