Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Евразия өнүктүрүү банкы: Быйыл Кыргызстанда ички дүң өнүм 7,5% кемийт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) эсептөөсүнө караганда, быйыл Кыргызстанда ички дүң өнүм (ИДӨ) 7,5% кемийт. Банктын 2021-жылга карата макроэкономикалык божомолунда Беларуста төмөндөөнүн деңгээли 1,5%, Казакстанда 3%, Орусияда 4%, ал эми Арменияда 6,4% болот деп көрсөтүлдү.

Кризиске каршы чаралар быйыл Казакстанда жана Орусияда көбүрөөк көрүлгөнү, Кыргызстанда мамлекеттик колдоонун көлөмү салыштырмалуу азыраак экени (ИДӨнүн 2,4%) белгиленди.

Ал эми экономиканын өсүш деңгээли 2021-жылы 3,7% болору болжолдонууда.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, 2021-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө 163 млрд. 26 млн. сом каралган. Ал эми чыгаша бөлүгү 170 млрд. 64 млн. сом болору болжолдонууда. Ага ылайык, бюджеттеги таңсыктык 7 млрд. сомго жетет. (RK)

XS
SM
MD
LG