Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Конституциялык кеңешме: Орус тили расмий макамдан ажыратылбайт


Кыргызстандын Конституциясы.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешме Кыргызстанда орус тили расмий макамдан ажыратылбашы керек деп эсептейт. Бул боюнча азыркы норма өзгөрүүсүз калтырылганын 27-ноябрда кеңешменин мүчөсү, Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору Урмат Аманалиев билдирди:

«Орус тили расмий тил бойдон калды. Ооба, норманы Конституциядан алуу тууралуу сунуш болгон».

26-ноябрда Конституциялык кеңешменин мүчөсү, коомдук ишмер Садирдин Төралиев кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керек экенин айтып, себебин кыргыздар эне тилин унутуп баратканы менен түшүндүргөн. Бул сунуш дароо кызуу талкуу жараткан.

Кеңешменин мүчөсү, Кыргыз мамлекеттик университетинин «Манас» таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор Сыртбай Мусаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып тил маселесине келгенде башка тилдерден мурда мамлекеттик тил жөнүндө ойлонуу зарыл экенин айтып, Кыргызстандын тагдыры Орусия менен байланышта экенин белгилеген.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий тил деген макамга ээ.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга 17-ноябрда чыгарды. Аны талкуулаш үчүн Конституциялык кеңешме 20-ноябрда түзүлүп, ошол эле ишин баштаган.

Кеңешмеде англис тилине да расмий макам берүү керек экендиги айтылды. Оппоненттер мындай сунушту абсурд деп аташты. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG