Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Садыр Жапаров: Орус тилин расмий макамдан ажыратуу туура эмес


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Премьер-министрлик кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров орус тилин расмий макамдан ажыратуу туура эмес деп эсептейт. Бул жөнүндө ал 27-ноябрда «Фейсбук» баракчасына жазып, орус тили Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында колдонулган алты тилдин бири экенин белгиледи.

Жапаров: «Орус тили - биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил. Евразия өлкөлөрү менен байланышты жана карым-катнашты орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек», деп жазды.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

26-ноябрда Конституциялык кеңешменин мүчөсү, коомдук ишмер Садирдин Төралиев кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керек экенин айтып, себебин кыргыздар эне тилин унутуп баратканы менен түшүндүргөн. Бул сунуш дароо кызуу талкуу жараткан.

27-ноябрда Конституциялык кеңешме Кыргызстанда орус тили расмий макамдан ажыратылбашы керек деп эсептей турганын анын жооптуу өкүлдөрү расмий айтып чыгышты.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий тил деген макамга ээ.

Кеңешмеде Кыргызстанда англис тилине да расмий макам берүү керек экендиги айтылды. Оппоненттер мындай сунушту абсурд деп аташты. (RK)

XS
SM
MD
LG