Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

«AstraZeneca» компаниясы коронавируска каршы даярдаган вакцинанын натыйжалуугу кайрадан сыналат


«AstraZeneca» фармацевтикалык компаниясы коронавируска каршы өндүргөн вакцинасынын натыйжалуулугун текшериш үчүн кошумча сыноолорду жүргүзүшү мүмкүн.

Мындай кабар бул вакцина боюнча суроолор көбөйүп, бир катар окумуштуулар клиникалык сыноолордун жыйынтыгынан күмөн санаган соң тарады.

Британиялык «AstraZeneca» компаниясы Оксфорд университети менен бирге даярдап жаткан вакцинасынын натыйжалуулугу 90% чейин жетиши ыктымал экенин ушул аптада башында жарыялаган.

Ыктыярчыларды эмдөө эки жолу жүргүзүлүп, соңку сыноодо анын натыйжалуулугу 62% гана жеткен. Мындан соң кошумча сыноо жүргүзүү зарылдыгы боюнча маселе көтөрүлдү.

Буга чейин британиялык компания өндүргөн вакцина коронавируска каршы башка вакциналарга караганда арзан жана ташып жүрүүгө ыңгайлуу экени айтылган.

Америкалык «Pfizer» жана «Moderna» компаниялары даярдаган вакциналардын бир дозасынын баасы 25 долларга чейин барса, «AstraZeneca» компаниясынын дарысынын бир дозасы 2,5 доллар гана болору кабарланган.

XS
SM
MD
LG