Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Садык Шер-Нияз: Конституциялык кеңешме ишин токтотушу керек


Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттикке талапкерлигин койгон саясатчы Садык Шер-Нияз конституциялык реформанын алдында башкаруунун формасын аныктап алуу тууралуу сунуштан улам Конституциялык кеңешме ишин токтотушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 27-ноябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Садык Шер-Нияз эгерде 10-январда Конституциянын жаңы долбоору референдумга чыгарылбаса кеңешме ишин токтотушу керек деген пикирде.

«Азыр эмне үчүн Конституциялык кеңешме иштеп жатат? Бул түшүнүксүз. Анткени эл биринчи парламенттик, президенттик же аралаш башкаруу системасы болобу, чечип алышы керек. Эл рефендумда ушуну чечип алгандан кийин гана кеңешме түзүлүп, ал ишин башташы керек. Себеби, парламентаризмге багытталган же президенттик башкарууга багытталган Конституция түп-тамырынан башкача болот. Бул Баш мыйзамды кайта жазуу деген сөз. Эгерде эл парламенттик же аралаш башкарууну тандаса бул кеңешменин ишинен эмне пайда? Кеңешмеге адистерди чогултуп алып, алардын убактысын, көз майын коротуп, акылын, энергиясын короткондун таш-талканы чыгат да. Менин жеке пикиримде кеңешме ишин токтотуш керек».

Өкмөт башчылык милдетин убактылуу токтоткон жана президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Садыр Жапаров акыркы интервьюсунда 2021-жылы 10-январда Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү боюнча демилге көтөрдү. Ал ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун шашпай талкуулоону сунуш кылды.

Кеңешменин мүчөсү, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов да «Азаттыктагы» маегинде Конституциянын жаңы долбоору 10-январдагы президенттик шайлоо менен чогуу референдумга чыгарылбай калганын билдирген.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ага 100гө жакын адам кирип, үч топко бөлүнүп иштеп жатышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG