Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Матубраимов: Кыргызстанды кыйнап, бузуп аткандар - бир ууч эле кишилер


Алмамбет Матубраимов.
Алмамбет Матубраимов.

«Кыргызстанды кыйнап, коррупция кылып, байып, саясатка киришкендер, кландардын башчылары, өндүрүштү басып алгандар элдин 0,1% да түзбөйт. Бирок алар бүгүнкү күнү өлкөнү бузуп, элди кыйнап атышат». Мындай пикирин коомдук ишмер, экс-спикер, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Алмамбет Матубраимов «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» программасындагы маегинде билдирди. Анын айтымында ушул бир ууч кишилер жаатташууну, тирешүүнү, коррупцияны токтотсо, өлкө өнүгүп, эл кыйналбайт эле.

«Калыстык кылып, өлкөнү туңгуюктан чыгарыш керек. Мыйзамдуулукту орнотуп, жалпы кыргыз элине жаккан макулдашууну алып келүү зарыл. Коомубуз 30 жылга артка кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан шашпай, элге керектүү Конституцияны алып келиш керек. Референдумга шашпаш керек. Эң негизгиси - адилеттүүлүк менен калыстык. Азыр байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым аябай күчөдү».

Алмамбет Матубраимов Кыргызстанда криминал саясатка, бийликке аралашып кеткенин, бул коомчулукта ачык белгилүү экенин белгилеп, акыркы убакта «акча баарын чечет» деген түшүнүк бийлеп калганын кошумчалады.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу коюлган Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Анда Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Коомдук-саясий чөйрөнүн жаңы долбоорго каршы тарабы Баш мыйзам ушул калыбында кабыл алынса жеке бийлик орнойт деп коңгуроо кагып келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG